Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Сирияда курчоодо калган аймактарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү


БУУнун маалыматы боюнча, Сирия өкмөтү жикчилдер көзөмөлдөп турган жети аймакка гуманитардык жардам жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү ишке ашырды. Уюмдун гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгынын жетекчиси билдиргендей, Идлиб аймагындагы Дайр аз-Зур, Фуа, Кафрая конуштарына, Мадая, Забадини, Кафра Батна райондоруна жана Дамаскка жакын Мадамиет Эльшам деген жерге жакын арада жардамдар жеткирилет.

Бийлик тийиштүү каражаттарды жеткирүүгө БУУнун атайын чабарманы Стеффан Де Мистура Багдадга барып, сүйлөшүү жүргүзгөн соң макул болду. Буга чейин курчоодо калган аймактарда эл ачкачылыктан көз жумуп жатканы айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG