Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Президент өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды.

Жолугушууда өлкө башчысына Кыргызстандагы диний кырдаал, диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди.

Мындан тышкары Орозбек Молдалиев диний билим чөйрөсүндөгү реформалар, анын ичинде диниятчыларды даярдоо боюнча адистештирилген коллеж уюштуруу тууралу айтып берди. Анда диний маданият, диндер теориясы, светтик мамлекеттин жана диний ишенимдердин принциптери окутулмакчы.

Президент өлкөдөгү диний кырдаалга такай көз салуунун зарылдыгын, ошондой эле светтик өлкөдө диний билим берүүнү өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG