Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Жергиликтүү кеңеш шайлоосунда добуш бере тургандардын тизмеси такталууда


Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы быйыл өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу шайлоочулардын тизмесинин электрондук вариантын иштеп чыгып, интернетке жайгаштырды. Каалоочулар shailoo.srs.kg сайтына кирип өзүн текшерип алса болот. Тизме биометрикалык каттоонун негизинде түзүлдү.

Өлкөдө жарандарды биометрикалык каттоо дагы эле уланууда.

Быйыл 27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланат. Алгач биометрикалык ыкма былтыр парламенттик шайлоо маалында колдонулуп, бийликтин жана байкоочулардын айтымында, ачыктыкты камсыз кылууда жакшы натыйжа берди. (RK)

XS
SM
MD
LG