Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Мамлекеттик ипотекага пенсия акчасын жумшоону парламент өзүнчө карамай болду


Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун Топтомо пенсиялык фондунда жаткан каражатты мамлекеттик ипотеканы каржылоо үчүн пайдалануу маселесин өзүнчө карап добуш бермей болду.

Бүгүн парламент Социалдык фонддун быйылкы жана келерки эки жылга бюджети боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. Анда Топтомо фондунан 1 миллиард 200 миллион сомду мамлекеттик ипотекага жумшоого жол ачуучу норма да жазылган. Бирок депутаттардын көбү буга каршы чыгып, "пенсионерлердин топтолуп жаткан акчасына кол салуу туура эмес" деген пикирин айтты.

Соцфонддун маалыматы боюнча, Топтомо фонддо мурдатан бери чогулган 1 миллиард 118 миллион сом бар. Мындан тышкары быйыл дагы 1 миллиард 229 миллион сом чогултуу пландалууда. Жалпысынан чогулуучу 2 миллиард 350 миллион сомдой акчанын 50%, башкача айтканда 1 миллиард 200 миллионго жакынын өкмөт мамлекеттик ипотекага карата Каржы министрлиги чыгара турган баалуу кагаздарды сатып алууга жумшаганы жатат.

Бирок пенсияга деген каражаттын ипотека үчүн колдонуу механизмдери так болбой жаткандыктан аны Соцфонддун бюджетинен бөлүп өзүнчө кароо тууралуу вице-спикер Нурбек Алимбековдун сунушу эске алынды:

- Соцфонддун жалпы бюджетин өзүнчө өткөрөлү. Ал эми ипотека боюнча өзүнчө. Себеби канча пайыз экенин Соцфонд өзү да бүгүнкү күндө так айта албай жатат.12 же 14пү?

Кыргыз өкмөтү быйыл мамлекеттик ипотека программасын баштады. Ага ылайык, бюджеттик мекемеде иштегендер 12-14% жылдык үстөгү менен 15 жылга насыя ала алат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG