Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Самаковдун сотуна айыптоочу тарап келген жок


Карганбек Самаков боюнча бүгүнкү соттук отурумга айыптоочу тараптын өкүлдөрү жана соттолуучу Искендер Айдаралиев келбей калганына байланыштуу ишти кароо кийинки жумага калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкектин Октябрь райондук сотунан кабарлашты.

Судья Чыңгыз Адамкулов кийинки отурум 24-февралда өтөрүн жарыялады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иш былтыр 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген. Ал айыпсыз экенин айтып келатат. (AKu/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG