Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Обама: “Трамп президент болбойт деп ишенем”


Барак Обама.
Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама Республикалык партиядан президенттикке ат салышып жаткан Дональд Трампты кескин сынга алды. 16-февралда Калифорнияда өткөн маалымат жыйында сүйлөп жатып Обама “Мен Трамп президент болбойт деп ишенем. Мен америкалыктарга терең ишенем. Президент болуу жөн эле ток-шоу же реалити-шоу эмес, бул олуттуу иш”,- деп айтты.

Обама ошондой эле аттарын атабаганы менен башка да талапкерлерди сынга алды. АКШ президенти анын мураскери “каржы системасы урап калбашы үчүн бардык аракеттерди көрүш керек, ал бир эле АКШ үчүн эмес, ага байланган жыйырмадай өлкө үчүн да жоопкерчиликти сезиш керек”, - деп билдирди.

Президент Обама Кошмо штаттардын Сириядагы стратегиясы өзгөрүлбөстүгүн кошумчалады.

Ноябрь айында өтчү президенттик шайлоодо Республикалык партиядан талапкер болууга 17 адам умтулуп, ички партиялык добуш берүүнүн эки штаттагы жыйынтыгынан кийинки жана андан мурдагы жарыяларды кошкондо бүгүнкү күнгө карата алардын 10у жарыштан чыкты.

Демократтардан башында президенттикке алтоо аттанып, азыр жарышта 68 жаштагы мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен 74 жаштагы сенатор Берни Сандерс калды.

Президенттикке талапкерлер иргелүүчү ички партиялык жарыштын, америкалыктардын өздөрү айткандай “кокус” же “праймериздердин” эң жакынкысы 20-февраль күнү Невада жана Түштүк Каролина штаттарында өткөнү турат.

XS
SM
MD
LG