Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Журналист депутаттын зөөкүрлүгүнөн жабыркаганын айтууда


Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

Журналист Семетей Талас уулу Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин зөөкүрлүгүнөн жабыркаганын айтууда. Бул тууралуу ал бүгүн Facebook баракчасына жазды. Бирок окуяга эмне себеп болгону, чоо-жайы азырынча белгисиз.

"Жансакчыларына карматып алып кечирим сура дейт, тепки жесем да сураган жокмун! Эртең ал зөөкүр менен мыйзамдын тилинде сүйлөшөм!" деп жазды журналист.

Айтымында, депутат "буга чейин ызырынып келген, алтургай телефондон коркуткан..."

Камчыбек Жолдошбаев 2003-жылы да ЖК депутаты болгон. Парламенттин азыркы чакырылышына "Өнүгүү-Прогресс" партиясы аркылуу шайланып келген.

Ал журналисттин билдирүүсүнө байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартууда.

Семетей Талас уулу соңку жылдары криминалдык чөйрөдөгүлөр тууралуу макала жазып, бул боюнча серепчи катары да белгилүү болгон. Бир нече жылдар бою гезит кабарчысы болуп иштеген.

Журналисттин өзүнүн айтымында, депутат менен чырлашуудан жабыркаган жок. "Рахмат, жакшы элемин" деп Facebook баракчасындагы суроолорго жооп берүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG