Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

КМШ лидерлери күзүндө Бишкекте саммитке чогулат


КМШнын Астана саммити, 2015-жыл
КМШнын Астана саммити, 2015-жыл

Быйыл күзүндө Бишкекте КМШ мамлекеттеринин президенттеринин саммити өтөт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинде өткөн пресс-конференцияда Кыргызстандын Беларустагы элчиси, КМШдагы өкүлү Кубанычбек Өмүралиев кабарлады.

Айтымында, саммит 16-сентябрга болот. Учурда бул юбилейлик иш-чарага даярдык көрүлүүдө.

Кезек боюнча быйыл КМШдагы төрагалык Кыргызстанга берилген.

Өмүралиевдин айтымында, Кыргызстан үчүн бул уюмдун алкагында конструктивдүү кызматташтыкты кеңейтүү, экономикалык ишмердүүлүк механизмин түзүү, КМШнын ролун кеңейтүү, ШКУ, Еврошаркет, Түштүк-Чыгыш Азия жана БРИКС өлкөлөрү менен саясий мамилени бекемдөө сыяктуу багыттар артыкчылыкка ээ.

СССРдин ордуна түзүлгөн Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG