Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Украина: «Батькивщина» коалициядан чыкты


"Батькивщина" фракциясынын лидери Юлия Тимошенко.
"Батькивщина" фракциясынын лидери Юлия Тимошенко.

Бүгүн Украин Радасындагы "Батькивщина" фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынан чыкты. Мындай чечим кабыл алынганын шаршембиде фракциянын лидери Юлия Тимошенко билдирди.

Мурдараак “Самопомощь” партиясынын депутаттары парламенттин жыйынын өткөрүүгө тоскоолдук кылары кабарланган. Алар шейшембиде өткөн Александр Яценюктун өкмөтүнө каршы ишеним көргөзбөө боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы чыгышууда.

Айрым депутаттар кечээки добуш берүүдө алардын добушу саналбай калганына нааразылык билдиришти.

16-февралда Жогорку Рада Яценюктун өкмөтүнүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапканы менен, аны кызматтан кетире алган жок. Өкмөткө ишеним көргөзбөө жөнүндө резолюция добушка коюлганда 422 орундуу украин парламентинин194 эле депутаты чечимди колдогон.

Министрлер кабинетин кетириш үчүн талап кылынган 226 добушка 32 добуш жетпей калды.

XS
SM
MD
LG