Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Милиция өлкө аймагында терроризмге каршы форум баштайт


Кылмыштуулукту азайтуу боюнча эл арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен бир көрүнүш. Жалал-Абад облусу, 2016-жыл, февраль.

Кылмыштуулукту азайтуу боюнча эл арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен бир көрүнүш. Жалал-Абад облусу, 2016-жыл, февраль.

Ички иштер министрлиги 18-февралдан тарта өлкө аймагында терроризм жана экстремизмдин алдын алуу, өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды азайтуу жаатында форум баштайт. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” кабарлагандай, форум алгач Чүй облусунда башталып, башка аймактарда уланат. 11-мартта Бишкек шаарында жыйынтыктоочу республикалык форум өтөт.

Иш-чарада тартип сакчылары жарандык коомдун жана карапайым калктын өкүлдөрү менен жолугуп, кылмыштуулукту азайтуу боюнча түшүндүрмө беришет. Ошондой эле элдин суроо-талаптарын угуп, ага жараша иш-пландар даярдалат.

Форумдун аймактарда өткөрүү тартиби:

18-февраль - Чүй облусу.
25-февраль - Ысык-Көл облусу.
26-февраль - Нарын облусу.
2-март - Жалал-Абад облусу.
3-март - Ош шаары (түшкө чейин).
3-март - Ош облусу (түштөн кийин)
10-март - Баткен облусу.
10-март - Талас облусу.
11-март - Бишкек шаары.

Мындай форум 2015-жылы да уюштурулган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG