Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:19

Кыргызстанда мал-жандыктарды идентификациялоо милдети Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга тапшырылды. Тийиштүү токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койду.

17-февраль күнү бул жаатта иш-чараларды жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо боюнча өкмөт жыйын куруп, премьер буга чейин Айыл чарба министрлиги аткарган иштер чабал жүргөнүн сындады.

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция идентификация боюнча иш-планды эки апта ичинде даярдоо милдетин алды.

Расмий кабарлар боюнча Кыргызстанда 400 миң жылкы, 1,5 миллион уй, төрт миллиондой майда жандык, 7 миллионго чукул канаттуу бар.

Кыргызстанда малды идентификациялоо демилгесин 2008-жылы каржы министри Акылбек Жапаров көтөрүп чыккан. Буга Казакстан менен Орусия өлкөдөгү эпизоотикалык абалдан улам Кыргызстандын эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тартканы негиз болгон эле. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG