Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 22:28

Наристелер үчүн эң кооптуу дарттардын бири саналган пневмониянын алдын алуу боюнча Кыргызстанда 22-марттан тарта эмдөө башталат. Вакцина бир жашка чейинки балдарга берилет.

Пневмония дартын козгой турган пневмококк инфекциясы абадан жугат. Кулак, дем алуу органдарын жабыркатат. Айрыкча эки жашка чыга элек наристелер бул жугуштуу ооруга көп чалдыгып, жыл сайын өлкөдө 400дөй, же болбосо илдет жуккан балдардын 20% чарчап калууда.

Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Жолдош Калилов «Азаттыкка» билдиргендей, мындай эмдөө пландуу түрдө бирге чыга элек ар бир балага үч ирет жасалмакчы. Оорунун алдын алуучу «Преванар» аттуу вакциналар Франциядан алынып келинди. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG