Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Орусия Украинаны Лондондун Жогорку Сотуна берди


Орусиянын каржы министри Антон Силуанов.
Орусиянын каржы министри Антон Силуанов.

Орусиянын Каржы министрлиги Киевди 3 миллиард доллар карызы үчүн айыптап, Лондондун Жогорку Сотуна кайрылды. Бул тууралуу Орусиянын каржы министри Антон Силуанов билдирди. Орусия 2013-жылы чыгарылган 3 миллиард долларга барабар украиналык евро облигациялардын бардыгын сатып алган.

Силуанов белгилегендей, Киев карызынан 2015-жылдын 21-декабрында толук кутулушу керек, ал эми 31-декабрда берилген кошумча мөөнөт да аягына чыккан. Министрдин айтымында, Украина азырынча өз ыктыяры менен карызды кайтарууга даяр эмес.

17-декабрда Эл аралык валюта корунун директорлор кеңеши евробонддор боюнча Украинанын Орусияга болгон карызын расмий түрдө тааныган.

XS
SM
MD
LG