Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Бир үйдү баккан 13 жашар кыздын түйшүгү


Айчүрөк тамактын камын көрүүдө
Айчүрөк тамактын камын көрүүдө

Бир үйдүн тиричилиги башына түшкөн 13 жашар Айчүрөк эки жарым жылдан бери базарда желим баштык терип, майып энесин жана инисин багып келет.

Айчүрөк Сулайманова Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 7-класста окуйт. Ал эки жарым жылдан бери Ош базарында желим баштык чогултуп акча табат.

Айчүрөк буттары баспай калган майып апасы, 10 жаштагы иниси болуп базарга жакын жерде - мурдагы “Фрунзе” заводунун жатаканасында бир бөлмөдө турушат экен. Алар эч кандай шарты жок бул жертөлөдөй болгон бөлмө үчүн 6 миң сом төлөшөт. Эскилиги жетип, тамтыгы чыккан бул жатакана эчак менчиктештирилип кеткен.

Айчүрөк мектептен келер замат, түшкү саат бирлерде жумушуна жөнөйт. Антпесе базардагы башка балдар-кыздардан желим баштык артпай калышы ыктымал.

Жалгыз иштегенден кооптонобу, айтор дос кызы менен чогуу иштейт.

Айчүрөк жана анын досунун бир күндүк жашоосу тууралуу баянды толугу менен бул жерден уга аласыз.
Турмуш түйшүгүнө эрте аралашкан Айчүрөк
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:46 0:00
Түз линк

Алар түш мезгилинен баштап каш карайганга чейин желим баштык, таңгактарды чогултушат. Ара чолодо бирден пирожки жеп, анча-мынча керектүү буюм караган кыздар он килограммга чейин баштык чогултканга үлгүрүшөт.

“Азаттык”: Иштеп тапкан акчаңды эмнелерге жумшайсың?

Айчүрөк: Үйгө... Нанга, азык-түлүккө. Кечээ эки эже подъездди ремонттоп жатышкан экен, ошолорго тапкан акчамдан 100 сом беришим керек эле. Бүгүн болсо 150 сом бересиң дешет. Апама айтсам берип кой деди эле берип койдум. Ошондо эки күндүк акча ошол ремонтко кетип калды да. Кечээ үйгө нан алынбай калды...

Айчүрөк жок мезгилде апасы эптеп кечки тамакка кам көрүп, даярдык көрөт.
Айчүрөк жок мезгилде апасы эптеп кечки тамакка кам көрүп, даярдык көрөт.

“Азаттык”: Дары-дармекке да акча коротосуңбу?

Айчүрөк: Ооба. Апамдын дарысы түгөнгөндө алып берем, калганы баары эле нан, азык-түлүккө кетет.

“Азаттык”: Айтмакчы, үйгө азык оокаттын баарын сен кыласың да?

Айчүрөк: Ооба.

“Азаттык”: Демек үйдө негизги эле акча таба турган адам сен болуп калыптырсың да?

Айчүрөк: Ооба.

“Азаттык”: Азыр 7-класста окусаң, келечектеги кесибиңди тандадыңбы? Дегеле кайсыл кесиптин ээси болгуң келет?

Айчүрөк: Башта дарыгер болгум келчү. Азыр ойлонуп калдым. Себеби көп сабак окуш керек экен. Апам ашпозчу бол дейт. 9-классты бүтсөм ашпозчулукка окуйм го. Анан бийлегенди жакшы көрөм. Үйдө олтурганда ар кайсы кесипти ойлоп кыялдана берем.

“Азаттык”: Ашпозчу болгуң келсе анда азыртан тарта эле тамак даярдоону үйрөнө беришиң керек го. Сен кайсы тамактарды жасай аласың?

Айчүрөк: Картошка кууруйм, шорпо, тоок бышыра алам. Анан күрүч баса алам. Манты жасайм. Оромо.

“Азаттык”: Айчүрөк, сен мектептен келип эле базарда иштесең, ийримге барсаң, апаңа жана иниңе жардам берсең, сабакка даярданганга убактың жетеби?

Айчүрөк: Тапшырма жазбай калып, "2" алган күндөрүм көп эле болот.

“Азаттык”: Мектепте досторуң барбы?

Айчүрөк: Эки досум бар. Алар да мага окшоп базарда иштешет. Бирөө цехте кийим тигет. Бирөө соодага чыгат. Ошол үчөөбүз жүрөбүз. Башка кыздар кошпойт да бизди.

“Азаттык”: Эмнеге?!

Айчүрөк: Силер базарда иштейсиңер. Подвалдарда жашайсыңар деп айтышат. Алар бай кыздар да. Алардын үйлөрү сонун. Кээ биринин үйүндө атайын үй жыйнаган кызматчылары, өздөрүнүн жеке бөлмөлөрү бар. Биз ал кыздардан ылдый турабыз да...

“Азаттык”: Мектепте дагы кандай проблемалар бар?

Айчүрөк: Окуу башталганда жаңы мектеп формасы деп 2000 сом чогултуп бердик. Андан сырткары ремонтко деп, пол жууган эжелерге деп 50 сомдон жыйып беребиз. Анан эжейлердин майрамы, карылардын майрамы деп майрамдарда акча чогултулат. Ушулар да кыйнап коет...

P.S. Айчүрөккө, дегеле бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0703685448 телефонуна байланышса болот. Бул Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманованын телефон номери.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG