Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Анкарада жардыруудан 30га чукул адам набыт болду


Анкара жарылуу болгон жер. 17-февраль, 2016-жыл
Анкара жарылуу болгон жер. 17-февраль, 2016-жыл

Түркиянын баш калаасы Анкарада аскерий жатакананын тушунда катуу жардыруу болду. Окуя парламент жана башка бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан райондо болду.

Түрк бийликтеринин соңку маалыматы боюнча жардырууда кеминде 28 киши жан бергени, жарадарлардын саны 60тан ашканы кабарланды. Бул тууралуу премьер-министрдин орун басары Нуман Куртулмуш билдирди. Жергиликтүү полиция бомба унаага коюлган болушу мүмкүн деп боолгоп жатат.

Түркиянын НТВ каналы жардыруу имараттын жанынан аскерий унаа өтүп бара жаткан маалда болгонун кабарлады.

Жардыруу Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн баш кеңсеси, парламент жана башка бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан райондо болду.

Президент Режеп Эрдоган Азербайжанга, премьер-министр Ахмет Давутоглу Брюсселге пландаган сапарларынан баш тартышты.

Өкмөт башчынын орун басары Бекир Боздаг Твиттерде жардырууну теракт деп атады.

Анкарада жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Түркиянын борборунда былтыр 10-октябрь күнү кесиптик кошуун уюмдарынын терроризмге каршы митингинде борбордук темир жолдун жанында болгон эки жардыруудан жүздөн ашуун киши каза тапкан.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу теракт уюштургандар Сириядагы согушка катышып келгенин, “Ислам мамлекети” террордук тобу же күрт согушкерлери менен байланышы барын айткан.

XS
SM
MD
LG