Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия чемпиондугунун чейрек финалында Азиянын 10 жолку чемпиону Иран командасына 7:0 эсебинде утулуп калды. Мелдеш 17-февралда Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү. Бул жеңиш менен ирандык футзалчылар жарым финалга чыгып, сентябрда Колумбияда боло турган дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты.

Буга чейин жарым финалга Өзбекстан жана Тайланддын тандамал курамалары чыгышкан.

Кыргызстандыктар байге үчүн таймаштан четтеп бирок, бешинчи жолдомо үчүн ойноо мүмкүнчүлүгүн сактап калды. Бешинчи жолдомого оюндар бүгүн, 18-февралда башталат.

Мелдештин финалы 21-февралда өтөт. Азия чемпиондугу буга чейин 1999-жылдан баштап 13 жолу өткөрүлгөн.

Иран командасы 10 жолу чемпион болуп, бир жолу күмүш, эки жолу коло байге алышкан. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG