Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Жалал-Абад шаарында саламаттыкты сактоо мекемелери текшерилүүдө


Жалал-Абад шаары
Жалал-Абад шаары

Шаар аймагында жайгашкан саламаттыкты сактоо мекемелерин мэриянын алдында түзүлгөн атайын комиссиялык топ текшере баштады. Алар имараттардын абалына, медицина кызматкерлеринин бейтаптарга мамилесине жана жемкорлукка байкоо салууда. Бул тууралуу калаа бийлигинен "Азаттыкка" билдиришти.

17-февралда Облустук соттук медициналык экспертиза бюросу, №1 үйбүлөлүк дарыгерлер борбору жана облустук төрөт үйү текшерилип, имараттар жыл сайын кунарып бараткандыктан, шарттар талапка жооп бербейт деген тыянак чыгарылды. Адистердин жетишсиздиги да башкы көйгөй экендиги белгиленди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү бийлик Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдойт. (RsK)

XS
SM
MD
LG