Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Казакстан: полиция Бурыл айылын күчөтүлгөн тартипте кайтарууда


Бурыл айылындагы окуя

Бурыл айылындагы окуя

Жамбыл облусундагы Бурыл айылын полиция күчөтүлгөн тартипте кайтарып жатат. Айылда эки күн мурда алты жаштагы бала бычакталып өлтүрүлгөн соң этнос аралык жаңжал тутанган. Бычакталган баланын казак, кылмышка шектүүнүн түрк улутунан болуп чыгышы 17-февраль күнү ондогон жаалданган адамдарды көчөгө чыгарды.

Нааразылыктан кийин жергиликтүү тургундардан, бийлик жана түрк диаспорасынан атайын комиссия түзүлдү. Күч органдары абал жайгарылды деп билдиргени менен айыл күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда.

Жамбыл облустук прокуратурасы кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү башка айылга көчүрүлгөнүн кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG