Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Google Translate долбооруна кыргыз тили кошулду


Google Translate электрондук системасына бүгүн кыргызча сөздүк кошулду. Бул тууралуу долбоорду ишке ашыруу менен алектенген коомдук демилгечи Чоробек Сааданбек “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 1 миллион сөз айкашы жана сүйлөм англис жана орус тилдеринен кыргызчага которулду.

Google Translate долбооруна кыргыз тилин кошуу боюнча бир канча жылдан бери аракеттер жүрдү. Демөөрчүлүк иштерине 2014-жылы “Светофор” интернет магазини кол кабыш кылган. Былтыр Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында өкмөт бул долбоорду колдоого 1 миллион 340 сом берген.

Аталган электрондук сөздүктө 100дөн ашуун тилдер бар.

"Википедиянын" кыргыз тилиндеги барагы.
"Википедиянын" кыргыз тилиндеги барагы.

Ачык жана бекер интернет энциклопедиясы болгон "Википедиянын" кыргызча барагында да соңку жылдары бир кыйла ийгиликтер камсыз кылынды.

Эгерде бул кыргызча википедиялык барак сөздүктүк макалалардын саны боюнча 2009-жылы 190-орунду ээлесе, ал эми 2016-жылдын 17-февралында (бирдин айынын 17синде) 73-орунга көтөрүлдү. Эми анда 53,323 сөздүктүк макала бар. Бул долбоор да ыктыярчылардын эмгегинин үзүрү жана соңку учурда аны да кыргыз бийлиги колдоого алууда. (SE)

XS
SM
MD
LG