Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Анкара: Мерт кеткендер арасында кыргызстандыктар жок


Анкарада кечээки жардыруудан набыт кеткендер арасында, алдын ала маалымат боюнча, кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" “Кыргызстан-Түркия” достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул билдирди. Анын айтымында, кыргыздар мерт болгону тууралуу маалымат жок.

Кечээ кечинде Түркиянын баш калаасы Анкарада аскерий жатакананын тушунда болгон жардыруу 30га жакын адамдын өмүрүн алды. Окуя парламент жана башка бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан райондо болду. 60 адам жараат алды.

Былтыр 10-октябрда Анкарада теракт 102 адамдын, 12-январда Стамбулда 10 адамды алып кеткен.

Кечээки окуяга ким айыптуу экени азырынча айтыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG