Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Депутат Назаров: ЕАЭБге киргени мал чарбачылыгы оор абалга кептелди


Евразия экономикалык биримдигине киргени Кыргызстандын мал чарбачылыгы өтө оор абалга кептелип отурат. Мындай пикирин бүгүн парламент жыйынында бийликке жакын "Кыргызстан" фракциясынан депутат Айтмамат Назаров билдирди. Ал кыргызстандык фермерлер ЕАЭБге киргенден кийин эт азыктарын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк ачылат деп үмүттөнгөнүн, бирок, тескерисинче, учурда импорттоочуга айланганын, Беларус, Казакстан жана Орусиядан мал тирүүлөй ташылып келип жатканын айтты. Депутаттын пикиринде, малды идентификациялоо ишин Айыл чарба министрлиги дээрлик жүргүзбөй жатат.

- Бул ишти ветеринардык кызматка бериш керек. Мал чарба азыктарын сыртка алып чыгып сатуу үчүн 62 позициядан турган реестрдин 2 гана позициясы боюнча иш жасалды. Бул эч кандай иш жок дегенди билдирет.

Беларус, Казакстан жана Орусия бажы уюму катары негиздеген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан былтыр жайында кошулган. Өкмөт жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө коңшу мамлекеттерге экспортко чыгуу боюнча кенен мүмкүнчүлүк ачыларын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG