Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Бишкек шаардык кеңешинин бийликчил КСДП фракциясы мэрликке Албек Ибраимовдун талапкерлигин көрсөттү. Мындай чечим фракцияда бүгүн кабыл алынды. Социал-демократтар аны саясатчы катары да, жетекчи катары да тажрыйбасы бар татыктуу адам деп аташты.

Фракция депутаттарынын айтымында, Албек Ибраимов КСДП партиясында көп жылдардан бери мүчө жана ал "ийгиликтүү менеджер, адамдар менен иштөө боюнча бай тажрыйбага ээ".

Мурда ал "Бишкек" эркин экономикалык аймагын, "Дастан" заводун башкарган, президенттик аппараттын жетекчи орун басары болгон. Соңку кезде "Манас" аэропортунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп жаткан.

Буга чейинки мэр Кубанычбек Кулматов өз арызы менен 9-февралда отставкага кеткен.

Жаңы мэрди шайлоо 27-февралга пландалды.

Ибраимовдон башка азырынча талапкер көрсөтүлө элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG