Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Марат Исаев президенттин сыйлыгын алды


Марат Исаевди элчи Болот Жунусов кабыл алды
Марат Исаевди элчи Болот Жунусов кабыл алды

Москвада эрдик көрсөткөн Марат Исаев бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин белек саатын жана 100 миң сом акчалай сыйлыгын алды. Аны Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов кабыл алып, президенттин жана жеке өзүнүн атынан ыраазылык билдирди.

Марат Исаев Кыргызстандын жараны, 8-9 жылдан бери Москвада курьер болуп иштейт, барып-келип үй-бүлөсүн багат. Кызы жана келинчеги Ошто жашайт. Ал 11-февралда полиция кызматкери менен бирге метродо талмасы кармап платформадан рельске кулаган орусиялык аялды сактап калган. (RK)

XS
SM
MD
LG