Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Рыспаев: Айылдардын 82% дотацияда олтурат


Нарын облусу, Учкун айылы

Нарын облусу, Учкун айылы

Кыргызстандагы айыл өкмөттөрдүн 82 пайызы дотацияда олтурат. Бул тууралуу бүгүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаев Нарында айыл өкмөт башчылары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, 453 айыл өкмөтүнүн 80и гана өзүн өзү каржылайт алат. Калганы дотацияда олтурат.

Учурда Кыргызстанда калкы аз айыл өкмөттөрдү бири бирине кошуп, аймактар боюнча административдик реформа жүрүүдө.

- Ирилештирүү боюнча ушул жылга план түзүп жатабыз. Анализдер жасалууда. Бирок мунун аркасы менен эл кандайдыр бир маалымдама алардабы же башка маселе болобу убара тартып калбоосун да карап жатабыз. Биз бул маселени карап чыгып Жогорку Кеңешке сунуш киргизебиз, -деди Рыспаев.

Өлкөдө калкынын саны миңге чейинки 8, ал эми эки миңге чейин 30ка чукул айыл өкмөт бар. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG