Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Электр энергиясына болгон баа апрель айында көтөрүлбөйт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн өкмөттүн оперативдүү жыйынында билдирди.

Премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун айтымында, Темир Сариев акыркы учурда электр энергиясына тариф көтөрүлөрү тууралуу айтылган сөздөр чындыкка жатпай турганын билдирип, өкмөттүн мындай планы болбогонун кошумчалады.

- Электр энергиясына тариф орто мөөнөттүү тариф саясатына карата аныкталат. Ага ылайык, электр тарифин көтөрүү каралган жок, - деди Темир Сариев.

Премьер-министр жарандарга туура маалымат жеткирүү үчүн тиешелүү органдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү керектигин айтты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG