Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Өкмөт Камсыздандыруу компаниясынын уставдык фондун эки эсе көбөйтөт


Кыргызстанда Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын уставдык капиталы ушул айдын аягына чейин эки эсе көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн Нарында эл менен жолугушууда мекеменин жетекчиси Бакыт Жумашев билдирди. Ал турак үйлөрдү камсыздандыруунун максаты тууралуу түшүндүрмө берип, Нарын шаарында кеңсе ачылганын кабарлады. Айтымында, Нарын облусунда камсыздандыруу иши кийинки аптадан тарта башталат.

Өкмөт быйылтан тарта Кыргызстанда турак үйлөрдү мамлекеттик камсыздандыруу системасын киргизүүнү чечти. Ар бир айыл, батир үчүн айылда тургундар жылына 600 сом, шаарда 1200 сом төгүп туруусу керек. Эгер жер титирөө же өрт кырсыгынан жабыркоо болсо айылда 500 миң, шаарда 1 миллион сомго чейин төлөнүп берилет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, республикада 295 миң батир, 847 миңден ашуун жер там жана 3 миң 469 барак үлгүсүндөгү үй бар.

Камсыздандыруу компаниясы алгач 50 миллион сомдук уставдык капитал менен түзүлдү. Эми, Бакыт Жумашевдин айтымында, февраль айынын аягына чейин 100 миллион сом болот. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG