Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Футзал: Дүйнө чемпиондугуна жолдомо үчүн Кыргызстан менен Австралия ойнойт


Кыргызстандын футзал боюнча курамасы
Кыргызстандын футзал боюнча курамасы

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы быйыл Колумбияда боло турган дүйнө чемпиондугуна жолдомо үчүн беттеште Жапонияны утуп алды. Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, бүгүн, 18-февралда Ташкент шаарындагы беттеш 6:2 эсебинде аяктады.

Ушундай эле экинчи беттеште Австралия Ирак командасын утуп алды.

19-февралда Кыргызстан менен Австралия дүйнө чемпиондугуна жолдомо утуп алуу үчүн беттешет.

Буга чейин маалым болгондой, Азия чемпиондугунда беш мыкты командага дүйнө чемпиондугуна катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Жарым финалдык беттештерге чыккан Иран, Өзбекстан, Таиланд жана Вьетнам командалары төрт жолдомону алышкан. Бешинчи жолдомо чейрек финалда утулган төрт команданын арасында ойнотулмак.

Кыргызстан чейрек финалда Иран командасына 7:0 эсебинде жеңилип, акыркы жолдомо үчүн беттештерге чыгууга мүмкүнчүлүк алган. (ECh)

XS
SM
MD
LG