Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Жөлөкпул боюнча мыйзамды өзгөртүү сунушталууда


Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөдүн балдарына мамлекеттен берилчү жөлөкпул боюнча мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн Нарында эл менен жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.

Анын айтымында буга чейин мыйзамдын долбоору парламенттин 3 окуусунан өтүп, президенттин макулдугуна барганда бюджеттин тартыштыгынан улам токтоп калган. Бирок жакынкы бир эки айда бул мыйзамдын кайра макулдашылган варианты иштелип чыгарын эл өкүлү кошумчалады.

Депутаттын белгилешинче, үй-бүлөлөрдүн кирешеси эсептелгенде алар менен чогуу жашаган чоң эне, чоң апалардын пенсиясы да кошулуп калып жаткандыктан айрымдар жөлөкпул ала албай калууда.

Мыйзам боюнча үй-бүлөлүк киреше ошол үйдө жашаган адамдардын ар бирине бөлгөндө 705 сомдон ашпашы керек.

Кыргызстанда жыл сайын 6 миллиард сомдон ашык каражат жөлөкпулга кетет. (MiK)

XS
SM
MD
LG