Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

Украинада дагы бир фракция башкаруучу коалициядан чыкты


Жогорку Рададагы "Самопомич" ("Өзүн-өзү колдоо") фракциясы бүгүн парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыгып жатканын жарыялады. Фракция лидери Олег Березюктун айтымында, фракциянын бардык мүчөлөрү Жогорку Рада төрагасына коалициядагы мүчөлүгүн токтотуу боюнча кол койгон кайрылуу тапшырылды. Мунун алдында бул фракция Александр Яценюктун өкмөтүнө каршы ишеним көргөзбөө боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы чыгып жаткан эле.

Кечээ көпчүлүк коалициядан Юлия Тимошенко баштаган "Батькивщина" фракциясы да чыккан.

16-февралда Жогорку Радада Яценюктун өкмөтүнө ишеним көргөзбөө маселеси козголуп, бирок ал үчүн жетиштүү добуш топтолгон эмес. Министрлер кабинетин кетириш үчүн талап кылынган 226 добушка 32 добуш жетпей калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG