Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Америкалык туристтер Арстанбапта балдарга лыжа тебүүнү үйрөтүүдө


Арстанбаптык балдарга америкалык туристтер лыжа тебүүнү үйрөтүүдө
Арстанбаптык балдарга америкалык туристтер лыжа тебүүнү үйрөтүүдө

Жалал-Абад облусундагы Арстанбап айылында АКШнын Колорадо жана Айдахо штатынан келген туристтер мектеп курагындагы балдарга тоодо лыжа тепкенди үйрөтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" аймактагы Туристтик маалымат борборунун координатору Хаят Тариков билдирди. Анын айтымында, "Кыргызстанга кайтуу" долбоорунун алкагында чет элдик туристтер өздөрү менен бирге лыжа тебүүчү каражаттарды ала келишип, 20 балага аптасына эки жолу тоодо сабак өтүп жатышат.

Балдар менен машыгуу мартка чейин уланып, анын алкагында даректүү фильм да тартылууда.

Өткөн жылы да арстанбаптык балдарга Австралиядан келген туристтер лыжа тепкенди үйрөтүп кеткен. (RsK)

XS
SM
MD
LG