Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Кыргыз жана өзбек ойчулдары жөнүндө китеп чыкты


Жаңы басмадан чыккан "Ойчулдар гүлбагы" китебинин кыргызча жана өзбекче варианты.
Жаңы басмадан чыккан "Ойчулдар гүлбагы" китебинин кыргызча жана өзбекче варианты.

Кыргызстанда жашап өткөн кыргыз жана өзбек улутундагы ойчулдардын, мамлекеттик ишмерлердин, акын-жазуучулардын эки элдин ымаласын бекемдөөгө кошкон салымын баяндаган китеп “Ойчулдар гүлбагы” деп аталат. Аны коомдук ишмер жана жазуучу Бегижан Ахмедов жазды.

XI кылымдан бери жашаган адабият өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик ишмерлердин үлгүлүү эмгектери тууралуу китеп кыргыз жана өзбек тилдеринде 2000 даана басылып, билим берүү мекемелерине акысыз таратылууда.

Бегижан Ахмедов буга чейин “Гүл жыттанган көңүлдөр” аттуу китебин да акысыз тараткан. Анда XVIII-XX кылымдарда жашаган ойчулардын улут аралык ынтымак менен мамлекеттүүлүктү түптөөгө кошкон иш-аракеттери баяндалган. (SE)

XS
SM
MD
LG