Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Тажикстанда ИМ тобунун желегин көтөргөндөр соттолду


"Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочусу көтөргөн желек. Сирия.
"Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочусу көтөргөн желек. Сирия.

Тажикстандын Норак шаардык соту коомдук жайда “Ислам мамлекети” радикал тобунун кара байрагын көтөрүп жүргөн үчүн 13 адамдын үстүнөн өкүм чыгарды. Расмий кабарларга караганда, алар төңкөрүш жасоо, экстремисттик чакырык таштоо жана кылмыштуу топ түзүү боюнча айыпталып, 10 жылдан 27 жылга чейин эркиндиктен ажыратылды.

Соттолуучулардын жашы 21, эң улуусу 74 жашта. Алар өткөн жылдын августунда Норак калаасында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желегине окшош кара байрак көтөрүп жүргөнү үчүн кармалышкан.

Кабарларга караганда, Сирия жана Ирактагы террордук топтордун катарында 500дөй тажикстандык бар. (SE)

XS
SM
MD
LG