Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Чеченстанда жаштарга адеп-ахлак боюнча паспорт берилет


Рамзан Кадыровдун саясатын жактаган айымдар.

Рамзан Кадыровдун саясатын жактаган айымдар.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун жаштарга руханий-адеп-ахлак тууралуу паспорт берүү тууралуу буйругу күчүнө кирди.

Чечен парламентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, ага ылайык 14 жаштан 35 жаштагы бардык жарандар руханий паспорт алууга тийиш. Анда ар бир адамдын жеке мүнөздөмөсү, улуту, кайсыл уюмга кирери жазылышы шарт деген талап коюлууда. Ошондой эле ал үчүн жооп берүүгө милдеттүү болгон адамдардын аты-жөнү да көрсөтүлөт.

Парламент депутаты Адам Маликов мектептердин бирине мындай паспорттун үлгүсүн тааныштырып, бул демилге диний чөйрөнүн өкүлдөрүнөн колдоо тапканын билдирди.

Анын баамында, азыркы тапта жаштар ар кандай экстремисттик топтордун чабуулуна кабылып, туура эмес маалыматтар менен баштары айланып, көпчүлүгү террордук уюмдарга тартылууда. Мындан улам убакытты кетирбей, террорчулук менен экстремизмдин түбүнө балта чабуу аракети көрүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG