Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Жалал-Абадда ишкерди опузалаган кылмыштуу топ кармалды


Жалал-Абад шаарында жеке ишкерди опузалап, 75 миң сом акча талап кылып жаткандар кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, кармалгандар кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү экени жана буга чейин алар Москвада да ушундай иш жасап жүргөнү аныкталды.

Алар шаардагы автосервистердин бириндеги ишкерден коркутуу жолу менен акча талап кылып жаткан жеринен кармалганы айтылууда. Бири Базар-Коргондон, экинчиси Сузактан жана дагы бирөө Жалал-Абад шаарынан болот.

Кылмышка шектүү үч жаран тең милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG