Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:41

Акыйкатчы: Кулчулукта жүргөнүн айткан жаран милициядан кооптонууда


Кулчулукка кабылгандар. Иллюстрация

Кулчулукка кабылгандар. Иллюстрация

Нарында кулчулукта жүрүп табылды деген адам милициядан коркуп жатканын айтууда. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын маалымат кызматы билдирүү таратты.

22 жаштагы Урмат аттуу бул жаран менен акыйкатчынын өкүлү жолукканда ал өз өмүрү үчүн кооптонуп, милициядан коркуп жатканын айтып берген.

Өткөн аптада Нарында "Селсаяк" рейди жүрүп, өзүн Урмат деп тааныштырган жигит кармалган. Ал 5-класстан кийин Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Арчалы жайлоосунда Сыркөз аттуу кишинин колунда малын багып, кулчулукта жүргөнүн, бир нече жолу качууга аракет кылып, кыйноого кабылганын айтып берген.

Окуяны териштирүү үчүн аны Тоңдун милиционерлери алып кеткен. Учурда, акыйкатчынын айтымында, ал Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында жатат. Абалы жакшы. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG