Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Албек Ибраимов мэрликке жалгыз аттанды


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкектин мэрлигине Албек Ибраимовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү. Аны шаардык кеңештеги КСДП фракциясы сунуштады жана коалициялык көпчүлүккө кирген, оппозициялык азчылыкты түзгөн фракциялардын баары колдоп берди.

Ибраимов эреже-талап боюнча 19-февралда мамлекеттик тилден сынак тапшырды. Ал арада социалдык тармактарда Албек Ибраимовдун мэр болушуна каршы жараян да башталды.

Албек Ибраимов мамлекеттик тил боюнча экзаменден ийгиликтүү өттү. Бир беттен ашып-ашпаган, беш кадамдан турган программасын кыргызча жазды. “Манас” эпосунан үзүндү окуп берди. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов башында турган, жети адамдан куралган комиссия бир добуштан "кыргыз тилин билет" деген чечим чыгарды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов мамлекеттик тилден сынак тапшыруу эреже-талаптардын эң башкысы деп билдирди:

- Андан сырткары талапкердин жогорку билими, мамлекеттик, муниципалдык медициналык, билим берүү же жеке менчик мекемелерде беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек.

Албек Ибраимов мэрликке жалгыз талапкер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Мыйзам боюнча Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерди өкмөт башчы, шаардык кеңештеги фракциялар сунуштайт. Премьер-министр Темир Сариев мэрликке талапкер көрсөткөн жок. Социал-демократтар фракциясы Албек Ибраимовду сунуштап жатып, анын көп жылдан бери КСДП партиясынын мүчөсү экенин, ийгиликтүү менеджер, адамдар менен иштөө боюнча тажрыйбасы мол экенин белгилешти.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев шаардык кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдогонун “Азаттыкка” билдирди:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Мэрлик бул шайланма орун да. Бизде мэр болууга реалдуу мүмкүнчүлүгү бар талапкер болгон жок. Экинчиден, биз шаардык кеңеште да коалициялык көпчүлүктүн мүчөсүбүз. Ошондуктан өнөктөштөрдүн сунушун эске алуу менен иш алып барабыз. Шаардык кеңештеги фракция жетекчилери КСДП фракциясынын сунушун колдойбуз деп чечим кабыл алышты.

Коалициялык көпчүлүктөгү “Замандаш” фракциясы да Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдогонун аталган фракциянын депутаты Анарбек Сарымсаков маалымдады:

- Биз өзүбүз талапкер көрсөтпөйбүз, коалициялык көпчүлүктүн сунушун колдойбуз. Шайлоого келгенде программасын алып келсин, жакшы болсо жакшы, жаман болсо андай-мындай кыл деп сунуштарыбызды айтабыз. Биз негизи баарын эле колдойбуз, иши кылып шаарды оңдой турган, жакшы иштей турган киши болсун.

Шаардык кеңештеги оппозициялык азчылыкты түзгөн “Республика” фракциясы талапкерди көрсөтүү үчүн берилген мөөнөт аяктарына бир саат калганда гана жыйынга чогулду. Фракция лидери Канат Мүсүралиевдин айтымында, анда коалициялык көпчүлүк колдогон талапкерди колдоо сунушу кабыл алынды:

- Бүгүнкү күнгө чейин биздин көрсөтөбүз деп даярдаган талапкерибиз болгон эмес. Бизде талапкер чыгарабыз деген ой болгон. Фракция Албек Ибраимовду колдойбуз деп чечим чыгарды.

Мэрликке татыктуубу?

Шаардык кеңеш мэр шайлоо үчүн эми 27-февралда чогулмакчы. Айрым байкоочулар апрель ыңкылабынан бери Бишкек шаарынын башчысы Социал-демократтар партиясынан шайланып келгенин белгилеп, бул ирет деле салт бузулбасын боолгоп жатышат.

Албек Ибраимов "Манас" аэропортун жетектеп турганда жардамчысына 150 миң сом айлык коюп бериптир. Аэропортту Орусияга сатам деп чыкты.
Эдил Байсалов

Анткен менен интернетте социалдык тармактарда Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдобоо тууралуу кайрылуулар чыкты. Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, бийликчил партиянын элге белгисиз, саясий салмагы аз адамды мэрликке көрсөтүп жатканы “авторитардык саясат” болуп саналат. Ал Албек Ибраимовду мэрликке татыктуу эмес деп эсептейт:

- Биз ал кишинин башка жолун көрүп жатабыз. Ал Алмазбек Атамбаевдин “кол баласы” экен. Анын заводунда иштептир. Анда деле кыйраткан эч нерсе кылбаптыр. "Манас" аэропортун жетектеп турганда жардамчысына 150 миң сом айлык коюп бериптир. Андан башка эмнени кыйратыптыр? Аэропортту Орусияга сатам деп чыкты. Андан башка баш калаабызды татыктуу жетектей турган, аттуу-баштуу талапкерлер деле бар да. Эл ишенимине, сыйына ээ болгон талапкерлерди алып келиши керек. Ибраимовдун саясий капиталы жок. Албек Ибраимов Бишкек шаарын башкара турган адам эмес. Ошондуктан шаардык кеңеш бир добуштан аны колдобошу керек.

Албек Ибраимов кыргыз тилинен сынак тапшырып жатып бир барактан ашып-ашпаган программасында Бишкекти таза, коопсуз жана эркин адамдардын шаарына айландырып, жол тыгындарды азайтарын, дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрөрүн, коррупция менен күрөшөрүн белгилеген. Анын алакандай программасы да азыр кызуу талкуу жаратты. Айрымдары “коррупция” деген сөздү туура эмес жазганын "паракорчулук менен тааныштыгы жок окшойт" деп тамаша-чынга аралаш жакшылыкка да жоруп жиберишти.

XS
SM
MD
LG