Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Өкмөт башчы кайгылуу окуя болгон аскер бөлүккө барды


Премьер-министри Темир Сариев бүгүн Балыкчы шаарындагы 2696 аскер бөлүгүнө барып, кечээки окуя боюнча тиешелүү жетекчилердин маалымат укту. Ал боюнча Коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариев жана №8 Гвардиялык дивизиянын командири Бактыбек Бекболотов маалымат берди. Анда 18-февралда аскердик ок атуу боюнча машыгуу учурунда катардагы жоокер бутунан жарат алганы белгилүү болду. Ошол эле аскер бөлүктөгү кароолдук бөлмөдө куралды этиятсыз колдонуунун жыйынтыгында дагы бир катардагы жоокер Дастан Мурат уулу жараат алган. Ал ошол жараатынан айыга албай 19-февралда Балыкчы шаарындык ооруканасында каза болгону айтылды.

Аталган окуялар боюнча учурда Балыкчы гарнизонунун аскердик прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, кызматтык иликтөө башталды. Премьер-министр Темир Сариев бул кайгылуу окуялар жогорку офицердик курамдын ишиндеги кемчиликтер экенин белгиледи. Ошондой эле аталган окуяларды тыкыр иликтеп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырганын "Азаттыкка" өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG