Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Анкарадагы жардыруу үчүн күрт согушкер тобу жоопкерчилик алды


Түркия -- Аканарадагы жардыруу, 17-февраль, 2016.
Түркия -- Аканарадагы жардыруу, 17-февраль, 2016.

Түркия баш калаасында ушул шаршембиде болгон жардыруу үчүн "Шумкарлар Күрдистандын эркиндиги үчүн" (ТАК) тобу жоопкерчилик аларын 19-февралда өз сайтына жарыялады. Анда жардыруу президент Эрдогандын Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрттөрдү кысмактаган саясатына жооп иретинде жасалганы жана аны Түркиянын 26 жаштагы жараны жанкечтилик менен ишке ашырганы белгиленген. Ошондой эле мындай аракеттер дагы уланары эскертилген коркутуулар айтылган.

Бул топ андан ары мурда чогуу болгон Күрт жумушчу партиясынан бөлүнүп, азыр өз алдынча аракеттенерин да белгилеген. Бул эки топту тең Анкара менен Вашингтон террордук деп эсептейт.

Түрк премьер-министри Ахмет Давутоглу 18-февралда жардырууну Сириядагы күрт кошуундарынын тобу (YPG) Түркиядагы Күрт жумушчу партиясынын (PKK) согушкерлеринин көмөгү менен уюштурганын билдирген.

17-февралдын кечинде Анкарада аскерлер түшкөн автобуска багытталган жардыруудан 28 адам мерт болуп, алтымыштан ашуун киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG