Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

БУУ Коопсуздук кеңеши Түркиянын Сирияга аскер киргизүү планын карайт


БУУнун Коопсуздук кеңеши.

БУУнун Коопсуздук кеңеши.

Бул маселе Орусиянын сунушу боюнча каралганы жатат. Анын алдында орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Орусия Сириянын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген ар кандай аракеттерди токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун киргизүүнү мерчемдеп жатканын айткан эле.

16-февралда Түркия эл аралык шериктештерин Сирияда чогуу кургактагы операция жүргүзүүгө чакырган. Анда Анкара Сирияда бир тараптуу аскерий иш-чараларды жүргүзбөсү, бирок жердеги операциясыз бул өлкөдөгү согушту токтотуу мүмкүн эместиги белгиленген.

Түрк өкмөтү беш жылга созулган согушту токтотууда Сирия президенти Башар Асадды бийликтен четтетүү - зарыл шарттардын бири деп эсептейт. Орусия менен Иран буга каршы.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG