Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:14

Жума намазга байланыштуу Кыргызстанда жума күнкү түшкү тыныгууну эки саатка узартуу сунушун парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы колдоду. Демилгени 19-февралда аталган фракция депутаты Тазабек Икрамов көтөргөн эле. Эл өкүлү жума күндөрү мусулманчылык парзын аткаруу үчүн ансыз деле адамдар эки саатка чейин мечитте болорун билдирип, “Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун сунуштаган. Эми ал парламенттин кароосуна жиберилет.

Жогорку Кеңештин муруңку чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулу жума күндү дем алыш деп жарыялоо демилгеси менен чыгып, ал колдоо таппай калган эле.

Кыргызстанда каттоодон өткөн мечиттер саны 2239. Каттоого алына электери 500дүн тегерегинде. Чоң мечиттерде жума намаздарга өлкө аймагында 400 миңден ашуун адам барары айтылат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG