Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Евробиримдиктин мүчөлөрү Брюсселде жума күнкү саммитте Британияны Евробиримдикте калсын деген чечимди колдоду. Лондон шаркеттен чыкпай турганын Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск кабарлады.

Андан мурдараак Чехия жана Латвия президенттери сүйлөшүү “ийгиликтүү” болгонун Твиттерге жазышкан эле.

Британдардын көбү Еврошаркетке толуп алган качкындардын Британияга жабылып өтө башташынан чочулап, биримдиктен бөлүнүүнү көздөшөрүн жашырышпайт.

Лондондун Евробиримдиктен чыгуу маселесин 2017-жылга белгиленген референдумга киргизүү пландалган эле. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG