Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Турат Акимовдун сабалышы боюнча азырынча кылмыш иши ачыла элек


“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору, саясий талдоочу Турат Акимовдун сабалышы боюнча азырынча кылмыш иши ачыла элек. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү иликтөөгө алган. Тергөөчү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө. Кол салуу фактысы болгондуктан, тийиштүү документтер келери менен кылмыш иши ачылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев кабарлады.

Акимовго 20-февралга караган түнү үйүнүн жанында белгисиз киши кол салган. Башына темир менен чаап, бирок журналист каршылык көрсөткөндөн кийин качып кеткен. Окуяда журналисттин чыпалагы сынган.

Турат Акимов оппозициялык маанайда макалаларды жазып жүрөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG