Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Кыргызстанда 21-февралда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз +9...+14,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз +7...+12,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +10...+15,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +11...+16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -1…+1,күндүз +12…+14 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG