Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

Журналисттин сабалышы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылды


Турат Акимов

Турат Акимов

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовдун сабалышы боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев кабарлап, Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен (Бейбаштык) иш тергелип жатканын билдирди.

Акимовго 20-февралга караган түнү үйүнүн жанында белгисиз киши кол салган. Башына темир менен чаап, бирок журналист каршылык көрсөткөндөн кийин качып кеткен. Окуяда Акимовдун чыпалагы сынган. Ал кол салууну кимдер уюштурганын болжолдуу билерин айтууда.

Журналист жана саясат талдоочу Турат Акимов оппозициялык маанайда макалаларды жазып жүрөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG