Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

“Алтын кенде” жумушчулар нааразылык билдирүүдө


Чүй облусундагы Талды-Булак кенин иштеткен “Алтын кен” компаниясында эки күндөн бери жумушчулар нааразылык билдирип жатышат. Өндүрүү иштери 19-февралда токтогон.

Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Элдар Тажибаев билдиргендей, жумушчулар менен түзүлгөн келишимдерди бузуп, январдын башында кенчилерге төлөнчү 15% тарифтик ставканы кыскарткан. Андан сырткары, маянага кошумча 30% каражатты да токтоткон. Жумушчулар мындай чечимди жетекчиликтин кенебестиги катары сыпатташууда.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы “Алтын кендин” директор орунбасары Умар Изабаевге шилтеме кылып, эмгек акыны кыскартуу чындыкка төп келбестигин, жумушчуларга 20 миң сомдон аз төлөнбөй турганын белгилейт.

XS
SM
MD
LG