Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Мигранттар теракт уюштурмак болгонбу?


Орусиядагы мигранттар рейд учурунда.
Орусиядагы мигранттар рейд учурунда.

Орусиянын Екатеринбург шаарында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү деп шектелип кармалгандардын бешөө кыргыз жараны болуп чыкты.

8-февралда кармалгандардын дагы экөө буга чейин Кыргызстандан барып, орус жарандыгын алган.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы айыпталуучуларды тинтүү учурунда үй шартында колго жасалган жардыргыч заттар табылганын маалымдаган. Колго түшкөндөргө Екатеринбург менен Санкт-Петербургда террордук чабуул уюштурууну пландаган деген айып тагылууда. Кыргызстандык жарандардын бир туугандары алар кур жалаага кабылып, абакта жатканына нааразы.

Зарина аттуу кыргызстандык келин камакка алынгандар арасында бир тууган агасы, күйөөсү жана кайнагасы барын айтат. Алар Кыргызстандын Ош облусундагы Өзгөн шаарынан келишкен. Заринанын күйөөсү - 31 жаштагы кыргыз жараны А. Камилжанды Федералдык коопсуздук кызматкерлери батирден кармап кетишкен.

- 7-февралда саат алтыларда үйгө келишти. Мени балдар менен ашканага камап, күйөөмдү башка бөлмөгө алып кетишти. Бөлмөнүн жарыгын өчүрүп коюшкан. Алардын үндөрүн эле угуп турдум. Күйөөмдүн документтерин сураганда, мен алып берейин десем, “жок, өзүбүз эле алабыз” деп кийимдерин тинте башташты. Документтер жайында болчу. Анан бир кезде “мына сенин курткаңдын чөнтөгү, бул ошондон чыкты” деп бир нерсе таап алышкандай болушту. Өздөрүнчө граната деп атап калышты. 15-20 мүнөттөн кийин тергөөчүлөр келип, кагаз толтуруп, күйөөмдү алып кетишти.

Террордук чабуул кылайын деген адам граната менен пистолетти чөнтөгүнө салып жүрөбү?! Жети жарандын бири дагы бүгүнкү күнгө чейин айыпты моюнга алган жок. Манжанын изин түшүрүү үчүн колдоруна граната, пистолеттерди карматканын айтышууда.
Бахром Хамроев

Бул үй-бүлө эки жылдан бери Екатеринбургда чакан ашкана иштетип, төрт баласы менен бир бөлмөлүү батирде жашап келген. Келиндин айтымында, күйөөсү балдарын Орусияда окутуп, биротоло отурукташууну каалачу. Келин азыр батирден федералдар тапкан жардыруучу граната менен жаздыктагы пистолет кайдан чыкканын билбей айран таң болуп отурат.

Абдухалил Жумаев 30 жаштагы уулунун камалганын укканда эле Кыргызстандан дароо учуп келген. Диний билим алууну эңсеген баласы эки жыл мурун Мекеге умрага барганын, кийин Сауд Арабия менен Түркияда жашаганын айтты:

- Балам намаз окуйт. Мекеге да барган. Экстремисттик уюмдарга кошулган эмес. Эжелери Челябинскиде, апасы аны ошол жакка иштегенге жиберген. Кийин Свердловск облусуна келип, унаа алып-сатып, таксист болуп иштечү. Келинчеги төрөп, төрт баласы менен биздин колубузда... Баламды уктап атканда, полиция келип кармаптыр. Видеодон баары көрүнүп турат. Биринчи киргенде бардыгын тинтип, эч нерсе таппай коюшкан. Анан “у него чисто, ошиблись адресом” деп бир жакка телефон чалышкан. Жарым сааттан кийин баштарына кап кийгизип жаткырып коюп, 15-20 мүнөттөн кийин ваннанын түбүнөн бир нерселерди алып чыгып көрсөтүшкөн...

Өзгөндөн келген Салимахан Каримованын уулу Равшан ошол түнү башка бир батирден кармалган. Эне уулунун камкор экенин, полициянын айыбына ишенбесин айтты:

- Уулум Оштогу медициналык окуу жайын аяктаган. Кыргызстанда иш жок, бул жакка келген. 2011-жылы орус жарандыгын да алган. Аялы, балдары менен жашайт. Жумуштан кыскарып калып, акыркы убакта жумуш издеп жүргөн.

Учурда камакка алынгандарга карата Орусиянын Кылмыш кодексинин террордук акт уюштуруу (205-берене), курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү (222-берене) жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо (222-берененин 1-бөлүгү) беренелери боюнча кылмыш иши козголууда.

Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Укук коргоочу Бахром Хамроев болсо бейкүнөө эмгек мигранттарына негизиз оор кылмыш козголууда деген ойдо.

- Террордук чабуул кылайын деген адам граната менен пистолетти чөнтөгүнө салып жүрөбү?! Жети жарандын бири дагы бүгүнкү күнгө чейин айыпты моюнга алган жок. Манжанын изин түшүрүү үчүн колдоруна граната, пистолеттерди карматканын айтышууда. Эми мыйзам чегинде из түшүп калгандан кийин, курал-жарак менен жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо боюнча айыптарды кылмыш ишинен алууга болбойт. Бирок террордук акт уюштуруу боюнча 205-беренени алдырууга аракет кылуу керек. Анткени, бул топ мындай террордук чабуул уюштуруп жаткан дегенге эч кандай негиздүү далил жок.

Адвокат Галина Шинарева жети адамга бирдей жалган иш козголууда деп айтууга эрте экенин билдирди. "Тергөө иштери гана алардын күнөөлүү же күнөөсүз экенин аныктайт", - дейт ал.

- Тергөө иштери жаңыдан башталды. Эми бул иш канчага созулары белгисиз. Мен 34 жаштагы кыргызстандык А. Казимжан аттуу жарандын адвокатымын. Ал эч бир айып боюнча күнөөсүн моюнга алган жок. Аны камакка алганда жанында болгон аялы менен бир туугандарынын көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келүүдө. Менин жеке оюм боюнча анын экстремисттик кылмыш ишине эч кандай тиешеси жок, ал негизсиз кармалган.

Федералдык коопсуздук кызматы операция учурунда эки граната, эки пистолет, үч электродетонатор жана башка жардыруучу заттар табылганын маалымдайт. Тергөөчүлөрдүн айтымында, өзгөндүк жердештер террордук чабуулду алардын бири иштеткен “Султан” аттуу кафеде тымызын пландап жүрүшкөн.

Мигранттар теракт уюштурууга камынганбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

XS
SM
MD
LG