Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Жоокердин өлүмүнө шектелген жаран камакка алынды


Балыкчыда этиятсыздыктан башына ок тийип каза тапкан жоокердин өлүмүнө шектелип аны менен чогуу кызмат өтөп жүргөн досу камакка алынды. Ал азыр убактылуу кармоочу жайда отурат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан билдиришип, Тергөө иштерин Гарнизондук прокуратура жүргүзүп жатканын кабарлашты.

18-февраль күнү №20636 аскер бөлүгүндө 19 жаштагы жоокер Дастан Мурат уулу сүрөткө түшөм деп даярданып атканда жанында турган шериги кокустан атып алган. Дастан ооруканада каза болгон. Алар экөө тең былтыр жазында кызмат өтөөгө чакырылган.

Ошол эле күнү куралдан ок атуу учурунда мөөнөттүү аскер кызматынын 21 жаштагы жоокери Билал Икрамовдун кабыргасына ок тийген. Ал Балыкчы шаардык ооруканасында жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG