Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Токтогулда чогулгандар тарап кетишти


Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кенди казууга нааразы болуп бүгүн “Кассана Минералс” компаниясынын техникаларынын иштешине каршы чыккандар тарап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар кабарлады.

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жашоочулары эртең менен “Кассана Минералс” компаниясынын бульдозерин кен казган жерге киргизбей коюшкан. Андан соң айыл өкмөткө барып талкуулашып, маселени 25-февралда кен боюнча мамлекеттик комиссиянын чогулушунда карап, бир жаңсыл чечүүгө макулдашты.

Айыл өкмөт башчысы Турат Абдыгулов муну бышыктап, бирок компаниянын бульдозери кен казууга эмес, 25-февралга белгиленген жыйын өтчү жерди тегиздегени келгенин, элдин нааразылыгынан улам кайра кеткенин билдирди.

"Кассана Минералс" ишканасынан комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Жергиликтүү тургундар эгер кен казуу башталса, аймактагы уран калдыктары ачылып, кооптуу кырдаал жараларын белгилешүүдө. Өткөн жумада алар менен облустук бийликтин өкүлдөрү жана тийиштүү адистер жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнүнө карабай, андан майнап чыккан эмес.

Райондогу алтын кенин иштетүүгө 2009-жылы “Спектр” компаниясы уруксат алып, кийинчерээк лицензияны “Кассана Минералс” фирмасына саткан.

Кенге уруксат берилген жер 18 гектар жана 69 килограмм алтын запасы бар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG