Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Орусия Коргоо министрлигинин чыгымдарын кыскартат


Орус аскерлери майрамдык жүрүштөргө даярдык учурунда. Москва.

Орус аскерлери майрамдык жүрүштөргө даярдык учурунда. Москва.

Орусиянын Коргоо министрлиги экономикалык кыйын кырдаалга байланыштуу аскердик чыгымдарды беш пайызга азайтууну көздөп жатат. Каатчылыктан улам жасалган бул кыскартуулардын көлөмү 160 миллиард рублга жакын сумманы түзөт.

Быйылкы жылдын бюджетинде мекемеге үч триллиондон ашык рубль бөлүнгөн. Бул көрсөткүч өлкөнүн ички дүң продукциясынын төрт пайызына барабар.

«Ведомости» басылмасы кабарлагандай, негизинен тармактын мамлекеттик буюртмаларга кеткен акчасы азайтылмакчы. Мындан тышкары флоттор менен авиацияны жөнөкөй курал-жабдык менен камсыздоо жана кургактагы күчтөргө сарпталган каражаттар үнөмдөлөт. Ал эми Орусиянын Сириядагы аскердик операциясына кеткен чыгым ошол бойдон кала бермекчи.

Орусиядагы экономикалык каатчылыкка байланыштуу Коргоо министрлигинде буга чейин да кыскартуулар болгон. Былтыр тармактын бюджети 3,8 пайызга кесилген эле.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG