Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Дүйнөлүк белгилүү бренддер түркмөн пахтасынан баш тартууда


Пахта талаасындагы балдар. Өзбекстан.

Пахта талаасындагы балдар. Өзбекстан.

Европадагы эң ири H&M швециялык кийим чыгаруу компаниясы мындан ары түркмөн пахтасын сатып албай турган болууда. Аталган компания буга Түркмөнстандын пахта талааларында балдар кара жумушка тартылып жатканын жүйө келтирди. Мындан тышкары өзү менен кызматташкан бардык өнөктөштөр да аталган өлкөдөн пахта алууну токтотууга милдеттүү экенин жарыялады. Болбосо алар менен алаканы үзөрүн эскертти.

Батыштагы белдүү бул компания Сириядан ташылган пахтага да тыюу салды.

Жакын арада түркмөн өндүрүшүнөн баш тарткан дүйнөлүк ишканалардын катары калыңдай турганы күтүлүүдө. Балдарды жана чоңдорду күчтөп иштетүүгө каршы чыккан бейөкмөт уюмдар аларды Борбор Азиянын “ак алтынын" сатып албоого чакырып келген.

Cotton Campaign уюмунун маалыматы боюнча, расмий Ашхабад жыл сайын он миңдеген адамды пахта талаасына мажбурлоо менен чыгарат.

Буга чейин балдардын талаада иштешине каршылык билдирип, Adidas, Puma, IKEA, Walmart, Marks&Spencer, Tesco жана Levi Strauss компаниялары өзбек буласын сатып алууга чек койгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG